16

Июль

2015

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы №499 токтому

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизминин толук кандуу иштөөсүн камсыздоо, ошондой эле ипотекалык кредит берүү аркылуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак-жай менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- 10 000 (он миң) жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктап «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;

- жаңы түзүлүүчү «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун башкаруу жана контролдоо органдарын белгиленген тартипте түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдаштыкта жаңы түзүлүүчү «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун уставын бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен акысыз пайдалануу келишими шартында Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратка «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомун жайгаштыруу жөнүндө маселени чечсин.

3. 2016-жылдан тартып, 5 жылдын ичинде, жыл сайын 1-майдан кечиктирбей ачык акционердик коомдун уставдык капиталынын кошумча жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен   150 000 000 (жүз элүү миллион) сомдон 760 000 000 (жети жүз алтымыш миллион) сомго чейин көбөйөрү белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө финансы каражаттарын издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен макулдашылган тартипте ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун топтоочу эсебине алгачкы уставдык капиталын төлөөнү жүргүзсүн;

- ушул токтомдун 4-пунктун аткаруу үчүн ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды аталган көлөмдөрдө кабыл алсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                          Т.А.Сариев