21
Сентябрь
2015
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы №654 токтому
Курман айт күнү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2015-жылдын 24-сентябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев