13
Апрель
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинде 2015-жыл жыйынтыгы боюнча жакшыруу орун алган»
Бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу – министр Нурханбек Момуналиев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы аткаруу тартибинин абалы боюнча жыйын өткөрдү. Анда Нурханбек Момуналиев 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткарган иштери тууралуу толук маалымат берди.
«Алсак, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты республиканын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында аткарууда 12753 тапшырма турган, аткарылганы – 12109. Тапшырманын саны дээрлик эки эсеге көбөйгөнүнө карабастан, алдыга карай жылыштар байкалды»,-деди Нурханбек Момуналиев.
Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ведомстволук сыйлыктары менен айрым кызматкерлер сыйланышты:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:
- Утурова Динара Джолдошовна - экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Бакиров Амангелди Сайдимаматович - коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
- Давлеталиева Надежда Степановна - өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
- Жалгасова Екатерина Мухангалиевна - мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти;
- Ташболотов Максатбек - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Грамотасы менен:
- Айдарбеков Айбек Акматбекович -Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Масаидов Бекмаат Юлдашевич - уштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору;
- Осмонов Максат Кошоевич - курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
- Сыдыков Улан Данилович - финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти.
Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын аткарган иштери сапаттык жактан мындан да бир топ жакшырышына ишеним артарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү