04
Август
2015
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 24-июлундагы №2 токтому
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
БУЙРУК
2015-ж.“24” июль №2
Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы
бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык буйрук кылам:- Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
- Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар мамлекеттик менчикте турган анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, жайларды ижарага берүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда белгиленген нускаманы жетекчиликке алышсын.
- Документациялык камсыздоо, контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмү ушул буйрукту министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, министрликтин ведомстволук органдарынын жетекчилерине жеткирсин.
- Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Д.Ш. Иманалиевге жүктөлсүн.
Министр | О. Панкратов |
Статс-катчы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу саясатын иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 24-июлундагы №2 буйругу менен бекитилген
Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө
НУСКАМА
1. Мамлекеттик мүлк ижарага түз берилген учурда мамлекеттик турак-жай эмес имараттарын, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн ижара акысынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет: Аа.ак.=Баз.ст. х S х К1 х К2 х К3 х К4 +Аж, мында: Аа.ак.- бир айлык ижара акысынын өлчөмү; Баз.ст.- 1 кв.м. үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы; S- ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты; К1- имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти; К2- жайдын техникалык абалынын коэффициенти; К3- имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти; К4- жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти; Аж- жер участогун пайдалануу үчүн акы Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу: а) Баз.ст.- Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык обьекттеринин аймагы үчүн- 120 сом/кв.м. Баз.ст.- Ош шаары үчүн 110 сом/ кв.м; Баз.ст.- региондор (облустар) үчүн 90 сом/кв.м. б) К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициентинин мааниси:
Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) жайгашкан жери |
К1 мааниси |
Бишкек шаары | |
1-зона: Бөкөнбаев, Суюмбаев, Фрунзе көч. Манас пр., Боконбаев көч. чегинде | 1,3 |
2-зона: Тынчтык пр., Ахунбаев көч, Шабдан-Баатыр көч., Курманжан-Датка көч., Жибек-Жолу пр., Фучик көч., Московская көч., Некрасова көч., Л.Толстой көч., Тынчтык пр. чегинде | 1,2 |
3-зона: калгандары | 1,1 |
Ош шаары | 1,1 |
Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык обьекттеринин аймактары | 1,2 |
Республиканын калган региондору | 1 |
Курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалануунун максаты |
К4 мааниси |
|
1 |
Ресторан, кафе, мейманкана, бильярд, сауна, бассейн, мончо, алмаштыруу банкы, күрөөкана, банк кызматтары, көчмө касса, авиакасса, төлөмдөрдү кабыл алуу пункту, жарнама орнотуу, телекоммуникациялар үчүн антенна жана жабдуу орнотуу |
1,5 |
2 |
Тигүү цехи, өндүрүш жана башка өндүрүш боюнча кызматтары |
1,4 |
3 |
Дүкөн, ларек, сатуу точкасы, буфет, ашкана, дарыкана, спорттук ден-соолук кызматтары, кинотеатр |
1,3 |
4 |
Офис, склад |
1,2 |
5 |
Химтазалоо, бут кийим оңдоо, чач-тарач, сулуулук салон, кийим оңдоо, жаңы үйлөнгөндөргө салон, компьютердик кызматтар жана компьютердик техниканы оңдоо, копировалдык кызматтар, сүрөт кызматтар, автотранспортту оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн курулмалар, жайлар, автостоянка, гараж, автозаправка станциясы |
1,1 |
6 |
Медициналык кызматтар, фитобар, окуу борборлору |
1 |
7 |
Башкалар |
1 |
Эскертүү: Эгерде обьект көчөнү бойлото жайгашса жана өз алдынча кирип/ чыгууга ээ болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициенттерине кошумчалап 0,7 кошулат |