31

Июль

2015

Кыргыз Республикасынын эл артисти Муканбет Токтобаев

Кыргыз искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 30-июнунда – 68 жаш курагында күтүлбөгөн кырсыктан Кыргыз Республикасынын эл артисти, даңазалуу актер Муканбет Токтобаев дүйнөдөн кайтты. Кыргыз Республикасынын эл артисти Муканбет Токтобаев, 1947-жылы, 5-майда Ысык-Көл областынын Жети –Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган жеринде орто мектепти аяктаган соң, 1964-65-жылдары алгачкы чыгармачылык жолун Балыкчы шаарына келип, маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштөөдөн баштаган. 1965-67-жылдары Ысык-Көл облусунун маданият үйүнүн көркөм жетекчиси. 1967-жылы Москвадагы мамлекеттик А.В.Луначарский атындагы театр өнөрү институтунун актёрдук факультетине өтүп, аталган институтту 1972-жылы бүтүргөн. 1972-76-жылдары Ош облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенет. 1976-жылдан тартып 1990-жылга чейин кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театрында чыгармачылык жолун уланткан. 1990-жылдан 1995-жылга чейин жаңы ачылган “Тунгуч” эксперименталдык жаштар театрында эмгектенип, 1995-жылы кайрадан өзү иштеп кеткен Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театрына келип кирет. Ошол кезден тартып өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда актёрдук кызматты аркалап келди. Муканбет Токтобаевдин өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө театрда жана кинодо ойногон ролдору жүздөп саналат. Сахнада жараткан ролдору: Ж.Б.Мольердин “Дворяндыкты эңсеген көпөсүндө” Журдендин, М. Горькийдин “Акыркыларында” Иван Коломейцевдин, К. Жантөшевдин “Курманбегинде” Тейитбектин, М.Каримдин “Ай тутулган түнүндө” Думананын, Б.Жакиевдин “Миң кыялында” Токтогулдун, Т.Абдумомуновдун “Машырбек үйлөнөтүндө” Машырбектин, Ч. Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсарысында” Танабайдын, В. Шекспирдин “Корол Лиринде” Король Лирдин, Ж.Кулмамбетовдун “Чынгызхандын купуя сырында” Чынгысхандын ж.б. ролдорду чегине жеткирип аткарды. Ал эми кинодогу ролдору: “Он үчүнчү небере” тасмасында Аскардын, “Фудзиямадагы кадыр түндө” Мамбетти, “Сокур кемпир көрөгөчтө”, “Тойдо”, “Чиркин өмүрдө” “Белгисиз маршрутта”, “Чынгызхандын ак булутунда” жана башка ушул сыяктуу тасмаларында ар-түркүн жанрдагы жаркын образдарды жаратып, журтубуздун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон залкар чыгармачыл инсан катары таанымал болгон жана дээрлик 50 жылдык талыкпаган чыгармачылык жолунда, элибиздин эсинен кеткис жүзгө жакын театр жана кино образдарды жаратып, калкыбыздын рухий казынасынын байышына опол тоодой салымын кошту. Мукамбет Токтобаевдин ак эмгеги өз баасын алып, 1974-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин, 1975-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган. 1986-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына татыктуу болгон. 1994-жылы Египеттеги театр фестивалына катышкан. 2001-жылы М. Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, 2002-жылы “Кинонун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы, Кыргызстандын маданият жана искусство ишмерлери, жалпы эле кыргыз эли, кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон даңазалуу актёр М. Токтобаевди түбөлүккө эстен чыгарбайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгысына ортоктош болуп, азасын тең бөлүшөт. Көрүнүктүү актёр Мукамбет Токтобаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2015-жылдын 1-августунда саат 9-00дө Бишкек шаарында Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театрында өтөт. Маркумдун сөөгү Ала-Арча мүрзөсүнө коюлат. Сариев Т. А., Ниязалиева Д. А., Максутов А. А., Секимов Б. Ш., Темирбекова А. К., Бектеналиев М. А., Самыйкожо М., Жакиев Б. Ж., Байжиев М. Т., Тойбаев М., Садык-Шер., Б. Шамшиев., Г. Базаров., Н. Борбиев., Сманбеков Т., Далбаев С., Сейдакматова Ж., Осмонов А., Байдөбетов Д., З., Абдыкалыков А., Алышпаев М., Каниметова., Актанов Т., Сооронбаев Г., Мамбетова Н., Бообекова Т., Кудайбердиев Т., Кулмамбетов Ж.О., Асанов Р., ж.б.