05
Октябрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин сынак жарыясы
«Жер казынасы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казыналарын пайдалануу укугун алууга
сынак өткөрүлөрүн жарыялайт
Бул сынак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 Токтому менен бекитилген жер казыналарын пайдалануу укугуна сынак жарыялоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү Жобого жана Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин иштетүү максаты менен, кенди пайдалануу укугу боюнча конкурсту өткөрүү шарттары, тартиби жана критерийлерине ылайык өткөрүлөт.
Сынак комиссиясы сынакка коюлган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны 20 000 000 (жыйырма миллион)АКШ долларынан кем эмес өлчөмүндө белгиледи.
Сынакка катышуунун шарттарынын бири – геологиялык маалыматтардын кыскача топтомун 1 677 610 сомго сатып алуу, жана ошону мене кошо 1 000 000 сом конкурска катышуу учун жыйым төлөө керек. Конкурска катышуу үчүн катышуучулар 2 000 000 АКШ доллары суммамысында кепилдик төгүмүн төлөшү зарыл.
Кызыккан тараптар сынакка катышуунун талаптары, ошондой эле Тереккан, Ашуу алтын кени жана Терек алтын-сурьма кендерин иштетүү боюнча сынак өткөрүүгө байланышкан башка маалыматтар менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамагенттиктин www.geology.kg веб-сайтынан кеңири таанышса болот.
Сынакка катышуу маселеси боюнча кеңеш алуу үчүн (+996 312) 300-246 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.
Сынака катышууну каалагандар 2015-жылдын 22-октябрынын саат 15.00го чейин кечиктирбей керектүү документтерди тапшыруулары зарыл.
Документтер Бишкек ш., Эркиндик пр., 2 дарегиндеги 217-бөлмөгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттике тапшырылат.