09

Июль

2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарым жылдагы тапшырмалардын аткарылышы боюнча жыйын курду

Бүгүн, 9-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйын жүрүшүндө  министрликтер жана ведомстволордогу 2015-жылдын биринчи жарым жылдагы ченемдик-укуктук акттарды жана тапшырмаларды аткаруу тартиби, мамлекеттик жетекчилердин “АПТА-GOV.KG” электрондук ресурсуна өздүк пландарды жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругун аткарылышы, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун жоюу маселелелери каралды. Муну менен катар Кыргыз Республикасындагы жаныбарлардын жугуштуу оорулары боюнча ветеринардык зоналарды түзүү эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында  параллелдүү курулуш обьекттерин жүргүзүү боюнча убактылуу жобону бекитүү маселеси талкууланды.

Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев учурдагы Өкмөттүн негизги артыкчылыгы тартип жана аткаруу тартибине талаптын күчөтүлгөнүн атады. Премьер-министрдин айтымында, Өкмөттүн жаңы курамы иштей баштагандан тарта бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, бул жааттагы ишти жактыруу аракети көрүлүүдө.

Министрликтер жана ведомстволордогу 2015-жылдын биринчи жарым жылдагы ченемдик-укуктук акттарды жана тапшырмаларды аткаруу тартиби боюнча Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев маалымат берди. Анын айтымында, быйылкы жылдын алты айында 1150 ченемдук-укуктук акт кабыл алынып, 6219 тапшырма берилген. Бирок 66 ченемдук-укуктук акт өз убагында аткарылбаса, 260 тапшырма өз убагынан кечигип аткарылган. Буга байланыштуу Премьер-министр Темир Сариев тапшырмаларды өз убагында аткарбаган айрым мамлекеттик органдардын ишин сынга алып, бул жааттагы талап дагы күчөтүлөрүн эскертти.

“Тартип жана талап учурдагы Өкмөттүн негизги артыкчылыгы болууга тийиш. Эгер берилген тапшырмалар өз убагында аткарылбаса, ал жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек. Мындан соң ай сайын жетекчилердин жоопкерчилиги каралып турат”-деди Темир Сариев.

Ошондой Премьер-министр эле өз жумалык планын "АПТА-GOV.KG” электрондук ресурсуна салбаган бир катар жетекчилердин ишин сынга алды. Бул жаатта Өкмөт башчынын буйругун аткарбаган албаган Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Таалайбек Нурбашевдин жеке жоопкерчилигин кароону тапшырып жана Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитария мамлекеттик инспекциясынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринини ишин сындады.

“Былтыркы гана караганда өкмөттүн тапшырмаларды аткаруу жаатында ишинде жылыш бар. Бирок бул жетишсиз. Өз убагында аткарылбай калган тапшырмалар жана кайра кайтарылган документтер иштин сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, бардык жетекчилердин ишин көзөмөлдөө дагы күчөтүлүп, тартип жана талап жогоруламакчы”-деди Премьер-министр Темир Сариев.

Үчүнчү маселе боюнча, Экономика министри Олег Панкратов маалымат берип, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду бүгүнкү күндө иштеп жаткан формасында Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” мыйзамдык ченемге каршы келерин билдирип, бул фондду жоюу учур шартына ылайык келерин билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев бул фондго мамлекеттик уюмдар тарабынан чогултулган акча Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы коомдук уюмуна төлөнүп жатканын билдирип, бул каражат жардамга муктаж

болгондорго жумшалбай жатканын белгиледи. Ошондуктан, калктын аялуу катмарларына жардам көрсөтүүнүн башка жолдору иштелип чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйын соңунда Өкмөт мүчөлөрү Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду жоюу тууралуу жана Кыргыз Республикасындагы жаныбарлардын жугуштуу оорулары боюнча ветеринардык зоналарды түзүү эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагында параллелдүү курулуш обьекттерин жүргүзүү боюнча убактылуу жобону бекитишти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү