10

Декабрь

2015

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Бектен Абдылдаев дүйнө салды

Кыргыз искусствосу оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 8-декабрында  75 жаш курагында  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү режиссёр дүйнөдөн кайтты.

Бектен Абдылдаев 1940-жылы 18-сентябрында Чүй обласунун Сокулук районуна караштуу (Белек) Жыламыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-1963-жылдары Фрунзедеги М. Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1962-1963-жылдары Карамолдо Орозов атындагы эл-аспаптар оркестринде артист болуп иштеп. Ошол эле 1963-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун режиссура бөлүмүнө тапшырып, аны 1970-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1970-1973-жылдары Талас элдик театрында режиссёр, 1973-1975-жылдары маданият министрлигинде ага-инспектор, 1975-78-жылдары

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын режиссёру, 1978-1980-жылдары Ленинград шаарындагы жаштар театрында стажировкадан өтүп, 1980-жылдан 1991-жылга чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында режиссёр болуп эмгектенген жана 1991-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Ш. Термечиков атындагы Чүй областтык театрынын башкы режиссёру болуп иштеген. Ошону менен катар 1991-жылдан ушул күнгө чейин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде педагог-доцент катары жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттерге сабак берип эмгектенген.

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында иштеген жылдары мыкты театралдык оюндарды жаратуу менен, андагы түрдүү мүнөздү, түрдүү тагдырлардын ачкычын табуу менен мыкты устат катары коомчулукка таанылган. Анын койгон оюндарындагы Д. Байдөбөтовдун “Отеллодогу” Отеллону, “Ашырбайдагы” Ашырбайды, “Эр-Төштүктөгү” Эр-Төрштүктү, Н.С.Лесковдун “Макбет айымындагы” Сергейди, Г. Каниметова жараткан “Бетме-беттеги” Сейде сыяктуу образдары кыргыз искусствосунда кайталангыс классикалык үлгү болуп калды.

Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы, Кыргызстан маданият жана искусство ишмерлери Бектен Абдылдаевди эстен чыгарбайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгысына ортоктош болуп, азасын тең бөлүшөт.

Сариев Т.А., Ниязов Ф.А., Кудайбердиева Г.К., Максутов А.А.,                  Кудайбергенов Б.Ж., Бекбоев А.З., Саралаева Ж.У., Кенжебаев А.Б., Шаршенбаев М., Жакиев Б. Ж., Байжиев М., Айдаров О. Б., Набиева А., Сманбеков Т., Далбаев С., Тойбаев М., Сейдакматова Ж., Осмонов А., Байдөбетов Д., Абдыкалыков А., Алышпаев М., Каниметова Г., Мамбетова Н., Мансуров А.Э., Кудайбердиев Т., Исаков А. Кулбаев С., Чотонов М.