07
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Рамазан айы менен куттуктады
Төмөндө куттуктоонун тексти:
«Урматтуу мекендештер!
Сиздерди кирип келген ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Бардык мусулмандар үчүн Орозо айы – мээримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун, руханий тазалануунун жана сабырдуулуктун айы. Ар бир мусулман аткарган парзы менен адамзатты бирин-бири урматтоого, ишенимде жана биримдикте жашоого үндөйт.
Аруу тилек менен күткөн ыйык Орозо айы ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бейпилдик, куттуу кыргыз жерине тынчтык жана береке алып келсин.
Бардык мекендештерибизге бекем ден соолук каалайм. Орозодо ниет кылган жакшы тилектердин баары орундалсын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри С. Жээнбеков»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү