26

Октябрь

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. А. Сариевдин жергиликтүү жамааттардын күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!

Бул майрамды биз ар жыл сайын мол түшүмдүү күз айларында жылуу сезим менен белгилейбиз,  анткени Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-январындагы №11 Жарлыгы менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшембиси  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү жамааттарынын күнү” деп белгиленген.

Кыргыз Республикасында расмий түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы 1991-жылдын 19-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” тарыхый мыйзамды кабыл алуу менен башталган.

Ошондон бери коомчулуктун кеңири катышуусу менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишээрлик  натыйжалуу системасы түзүлүп элибиздин чыгаан уул кыздарынын эмгегинин натыйжасында элдин ишенимин бир кыйла арттырып келүүдө.

Бүгүнкү күнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өнүгүүнүн жаңы тепкичине көтөрүлүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө ишенимдүү кадам таштап калды десем жаңылышпаймын.

Сиздер азыркы учурда калкка жакын болуп, алардын көйгөйлүү маселелерин чечкенге аракет жасап, мамлекетибиздин учурдагы өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуп, элибизге сапаттуу кызмат көрсөтүп жаткандыгыңыздарга ыраазычылык билдиремин.

Республикабызды өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалардын учурдагы этабында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын мындан ары жакшыртууга түрткү бере турган иштерди жүзөгө ашыруу, муниципалитеттердин статусун жогорулатуу, аларга мыйзам чегинде ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, баарыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту, үй-бүлөөлүк бакыт-таалайды каалап, иштериңерде албан-албан ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздүн өсүшүнө өз салымыңыздарды кошо беришиңиздерге тилектешмин.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                      Т. Сариев