07
Ноябрь
2015
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктоосу
Урматтуу журналисттер!
Урматтуу басма сөз кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктайм!
Кыргызстанда басма сөз жана маалымат күнү абдан чоң мааниге ээ. Демократиялык баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруп, эл бийлигин орнотуу жолунда болгон өлкөбүз үчүн бул майрам чындыктын, сөз эркиндигинин жана ачык-айкындыктын белгиси болуп калды. Кыргызстан эгемендик алгандан бери журналисттер ары кызыктуу, ары татаал жолду басып өттү. Сөз эркиндиги үчүн бийликтин куугунтугуна калып, басым көрүп, ал тургай журналисттер өз өмүрүнөн ажыраган мезгилди да башыбыздан өткөрдүк. Мына ушундай учурда да чындыктан тайбай, өз жанын тобокелге салып, өз кесиптик милдетин жоопкерчилик менен аткарган журналисттер арбын болду. Алар коомубуздагы ачыктык менен айкындыкты, адилеттик менен калыстыкты, теңдик менен эркиндикти камсыз кылууга күрөштү. Мындай аракеттин акыбети кайтып, өлкөбүз демократиялык башкаруунун жолуна түшүп, мыйзамдуулук, адам укугун, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды сыйлаган коомду куруу боюнча аракеттердин жыйынтыгы сезилип жатат. Учурда Кыргызстанда бардык маалымат каражаттары ээн-эркин иштеп, каалаган учурда кайсы гана тармак болбосун маалыматты эч тоскоолдуксуз ала алат. Өкмөт өз ишиндеги ачык-айкындыкты мындан ары да камсыз кылып, журналисттердин калкыбызга эркин маалымат жеткириши үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө аракет кылат.Урматтуу журналисттер!
Биздин эң башкы максатыбыз кубаттуу, өнүккөн жана эркин Кыргызстанды куруу. Мына ушул изги тилегибизди орундатууга журналисттер жана басма сөз кызматкерлери өз салымын кошушу керек. Ал үчүн өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштө, туруктуу өнүгүү жана демократиялык алга жылууларда коомдун жана мамлекеттик органдардын кемчилигин ашкерелеп, жакшы иштерин башкаларга үлгү катары көрсөтүшүн суранамын. Ошол эле учурда мамлекетибиздин туруктуулугу, коомбуздун бейпилдиги үчүн элибизге такталган, обьективдүү жана бейтарап маалымат жеткирүүгө чакырамын. Элибиз менен мамлекет өз кесибин ак ниеттик менен аткарган, өз окурман, угармандарына обьективдүү жана калыс маалымат жеткирүүнү максат кылгандар журналисттерди терең урматтайт. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктаймын. Баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев