30

Июль

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июлундагы №349 буйругу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы жыйынында 2015-жылдын январь-июнунда региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясат мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча:

 1. Туристтик мезгилге даярдык көрүүдө олуттуу кемчиликтери үчүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Каптагаев Эмил Саламатовичке эскертүү берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Имангазиев Райымбек Акматтурсуновичке сөгүш жарыялансын.

 2. Олуттуу кемчиликтер жана талаптагыдай контролдобогондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Борбукеева Рита Нурмамбетовнага эскертүү берилсин.

 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын ишин жетишсиз уюштургандыгы, аткаруу тартибинин төмөндүгү жана жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Кожалиев Ишен Токтосуновичке эскертүү берилсин.

4. Билим берүү системасындагы олуттуу кемчиликтер жана талаптагыдай контролдобогондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдраиманкулова Чынара Тургунбековнага сөгүш жарыялансын.

 5. 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчтөрүнүн көлөмүн камсыз кылбагандыгы жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максатсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Качкынбаев Нурак Шайлоокановичке эскертүү берилсин.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай контролдобогондугу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарындагы аткаруу тартибинин төмөндүгү үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

 - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Айтиев Бекболот Баратовичке;

- Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Алиязов Каныбек Эшейбаевичке.

 7. Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрүн камсыз кылбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акматов Мамасалы Такабаевичке;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Идирисов Тилек Казыбековичке;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри Сатыбалдиев Кыянбек Урмамбетовичке;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Койчиев Мамбет Дуйшаналиевичке;

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Супатаев Тынарбек Усубалиевичке;

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Иманкулов Талай Маданбековичке.

 8. Өнөр жай өндүрүүнүн көлөмдөрүн камсыз кылбагандыгы, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы жана турак жай чарбанын ишин начар уюштургандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэри Кулматов Кубанычбек Кенешевичке сөгүш жарыялансын.

 9. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясат мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планынын иш-чараларын аткаруу жөнүндө отчетторду өз убагында бербегендиги үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

 - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевичке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Осмоналиев Самир Кушайыновичке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Жениш Парпиевичке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джуманазаров Байышбек Токтомушевичке.

 Негиз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын

2015-жылдын 24-июлундагы № 12 протоколу.

 Премьер-министр                                                   Т.А.Сариев