01
Октябрь
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Улгайган адамдардын күнү менен куттуктады
Бүгүн 1-октябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева карыялар менен жолугушуу учурунда Улгайган адамдардын күнү менен куттуктады. Куттуктоо тексти толугу менен төмөндөгүдөй: Жыл сайын, 1-октябрда Улуу муундарга терең урматтоо, кадырлоо жана жылуу сөз менен алкыш айтабыз. Бул күн улгайган жарандардын гана күнү болуп саналбастан, бардык улуу муундун күнү, “бирдиктүү жана үзгүлтүксүз убакыттын символу болуп эсептелет”. “Карысы бардын - ырысы бар” анткени, Сиздердин талантыңыздар, кайратыңыздар, рухуңуздардын күчтүүлүгү, энергияңыздар жана энтузиазм жаш муундарга турмуштук үлгү болот. Бүгүн, Биз сиздердин тажрыйбаңыздарга, чеберчилик өнөрүңүздөргө таянабыз жана сиздердин катышууңуздар, акыл-насаатыңыздарга муктажбыз. Кыргызстанда белгиленип жаткан Улгайган адамдардын күнү алардын зарылдыгына коомдун көңүлүн бурууга багытталган. Улгайган жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү – ар дайым зарыл болгон көйгөйлөрдүн чечүү болуп саналат. Биринчи кезектеги милдеттердин арасында улгайган жарандарды сапаттуу социалдык кызматтарды алууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана алардын активдүү жашоосуна шарттарды түзүү турат. Ар бир улгайган жаран үчүн биздин өлкөдө эканомикалык жактан көз карандысыз жана социалдык жактан корголгондугун сезишине Биз келечекте аракеттенебиз. Улуу муундагы адамдарга аяр мамиле жасоо бул - ар бирибиздин күнүмдүк милдетибиз!
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү