22
Февраль
2013
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын коллегияларынын отурумдары болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегияларынын жыйындары ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларында ушул жылдын 5-12-февралында өттү жана күн тартибинде 2012-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга коюлуучу милдеттери жөнүндө маселе жана башка уюштуруу маселелери каралды.
Коллегиялардын ишине атайын бекитилген график боюнча Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министрлери, министрлери, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспекторлору, айрым министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Коллегияларга райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, шаарлардын мэрлери, райондук, шаардык кеңештердин, райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын төрагалары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ири өнөр жай ишканалардын жетекчилери чакырылып, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.
Баткен облусу
КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиялык отуруму 2013-жылдын 5-февралында КР Вице-премьер министри Камила Талиеванын катышуусунда өттү.
Коллегияда 3 маселе каралды: 1. Баткен облусунун 2012-жыл ичинде социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2013-жылга негизги милдеттери жөнүндө; 2. Баткен облусунун 2011-2014-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган Программанын аткарылышы жөнүндө; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү” №186-токтомун ишке ашыруу боюнча Баткен областынын аймагында жайгашкан айрым чек ара аймактарын 2013-2014-жылдарга социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программасын кабыл алуу жөнүндө.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
- райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге, шаарлардын мэрлерине: КР Президентинин Жарлыгы менен 2013-жыл- “Иштермандык жылы” деп жарыялангандыктан, ар бир район, шаарларда, ар бир айыл аймакта жумушчу орундарын түзүү-
- “Мыкты айыл аймагы”, “Мыкты мектеп”, “Мыкты балдар бакчасы” жана башка конкурстарды уюштуруу;
- аймактагы кен байлыктарды иштетүү боюнча иш алып баруу;
- айыл чарбасында үрөөн чарбалардын, айыл чарба сервистеринин иштерин жандандыруу, өндүрүштүк кооперативдерди уюштуруу, аларды жаңы техника жана технологиялар менен камсыздоо, инвестиция тартуу боюнча практикалык жардамдарды көрсөтүү, жазгы талаа жумуштарын өз убагында эгүүнү камсыз кылуу максатында ирригация системаларын вегетация мезгилине даярдоо
- ички жана тышкы миграциялык агымдардын санын кыскартуу максатында жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча жеткиликтүү иш алып барууну колго алуу;
-2013-жылы титулдук баракчага кирген жумуш жүрүп жаткан билим берүү жана административдик имараттардын финансылоо маселесин финансы министрлиги менен тыгыз иш алып баруу менен курулуш иштерин жандандыруу;
- көмүрдүн баасын так аныктап, дайым бирдей баада болушун көзөмөлдөө
Чуй облусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиевдин катышуусу менен 2013-жылдын 6-февралында өттү.
2012-жылдын жыйынтыгы менен Чүй облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн аныктаган бардык тармактарында стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы болгондугу белгиленди. Коллегиянын күн тартибине коюлган маселелер слайд түрүндө презентация менен коштолду.
Чүй облусунун социалдык-экономикасын туруктуу өнүктүрүү, социалдык проблемаларды, алдыда коюлган маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясынын чечими менен төмөндөгүдөй бир катар милдет, тапшырмаларды алдыга коюлду.
Ысык-Ата жана Сокулук райондорундагы айыл аймактарынын башчыларынын мамлекеттик фонддун жерин айыл чарба багытында пайдалануудагы ижара акысы боюнча карызды кыскартууда начар жүргүзүлгөн иштери белгиленди.
Райондук мамлекеттик администрация башчыларына, Токмок шаарынын мэрине жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына: реалдуу инвесторлорду издеп табуу жолдору менен токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүү, дыйкандар жана фермерлердин арасында майда товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба кооперативдерине бириктирүү боюнча агитациялык-пропагандалык иштиктүү аракеттерди аткаруу;
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн прогноздук көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча иштерди активдештирүү;
- салык төлөмдөрү боюнча карыздардын суммасын минималдык деңгээлге чейин кыскартуу, биринчи кезекте жер, транспорт салыктарын жана мамлекеттик фонддун жерлерин айыл чарбалык багытта иштетүүчү ижара акысын төлөө боюнча карыздарды өндүрүү;
- айдалбай калган аянттарды кыскартуу боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик фонддун жерлерин айыл чарба багытында эффективдүү пайдаланууну камсыздоо, жазгы талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана өсүмдүктөрдү айдап-себүүнү оптималдык агротехникалык мөөнөттө, белгиленген учурда жүргүзүү боюнча чараларды көрүү, 2013-жылдагы вегетациялык сугат ишине ирригациялык тармактарды өз убагында жана сапаттуу даярдоо жана ремонттоо боюнча уюштуруучулук чараларды кабыл алуу;
- жасалма жол менен уруктандыруу, ветеринардык дарыканаларды жана приваттык ветеринардык сервис пункттарын көбөйтүүгө шарт түзүү; өндүрүмдүүлүгү жогору айыл чарбалык асыл тукум мал чарбаларын түзүүнү шарттоо;,
- чыгымдардын бардык статьялары боюнча бюджеттик мекемлердин кредиттик карыздарын кыскартууну камсыздоо;
- электрди пайдалануу лимитин сактоо, электр энергиясы, газ, суу жана жылуулукту пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды азайтуу жана башка тапшырмалар берилди.
Ош шаары
Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйыны 2013-жылдын 6-февралында Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын катышуусу менен өттү. Анда бардыгы болуп 374 адам катышты.
Коллегиялык жыйын өтүү учурунда бекитилген күн тартибине ылайык 3 маселе кароо үчүн киргизилген болсо, айтылган сунуштарды, ой-пикирлерди эске алуу менен, анын 2 маселеси каралды:
-Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2012-жылдагы жыйынтыктары жана 2013-жылга карата милдеттер жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-январындагы № 17 "2012-жылды үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №148 токтому жана Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 16-январындагы №3 «Ош шаарында «Жаштар жана билим Жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү» токтому менен бекитилген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө.
Ал эми күн тартибинде көрсөтүлгөн төмөндөгү маселелер кийинки коллегиялык жыйында карала турган болду:
- Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 16-январындагы №3 «Ош шаарында «Жаштар жана билим Жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү» токтому менен бекитилген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө;
- 2013-жыл - Ош шаарында жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө .
Каралган маселелер боюнча токтомдордун долбоорлору кабыл алынды.
Коллегиянын отурумунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Талиева К.А. чыгып сүйлөдү. Негизинен Ош шаарындагы көйгөйлөргө токтолду жана катышуучулардан келген суроолорго жооп берди.
Нарын облусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясынын отуруму 2013-жылдын 7- февралында Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер министри Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен өткөрүлдү.
Коллегияда 2012-жылдын жыйынтыгы менен Нарын облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн аныктаган бардык тармактарында стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы болгондугу белгиленди.
Коллегиянын күн тартибине коюлган маселелер слайд түрүндө презентация менен коштолду. 2011-2012-жылдын күз-кыш мезгилине облустун бюджеттик тармагы 100 пайыз көмүр отуну менен камсыз болгондугу белгиленип, 2012-жыл ичинде облуста 2011-жылга салыштырмалуу 20 миң 594 тоннага көп боглондугу жана электр тармактарында 2012-жылы 2 млн 145,2 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери аткарылгандыгы, жалпы кардарлардын карызы 1-январь 2013-жылга карата 208 млн 384,8 миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,6 млн сомго азайгандыгы маалымдалды.
Мындан сырткары облустагы жолдордун абалы (асфальт, шагыл), алардын сапатын жакшыртуу маселелери жана учурдагы көрсөткүчтөр айтылды. Почта жана электр тармактарынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маселелер белгиленди.
Ошондой эле 2012-жылы Нарын облусунда жалпы суммасы 155 млн 602 миң сомду түзгөн капиталдык салымдар өздөштүрүлүп, обьектилер ишке берилгендиги айтылды.
Айыл чарбасында талаачылык боюнча арпа, буудай, жашылча жемиштер жана тоют өсүмдүктөрүн айдап себүү көрсөткүчтөрү маалымдалып, жазгы өнөктүккө айыл чарба техникаларын даярдоодо айрым кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленип жана айыл чарба өсүмдүктөрүн багып өстүрүүнү жана оруп жыйноо иштерин өз деңгээлинде жүргүзүшпөгөндүктөн облустун бардык райондорунда түшүмдүүлүк 2011-жылга салыштырмалуу төмөн болгондугу айтылды.
Ал эми мал чарбасында бодо малдын жана кой, эчкинин, үй канаттууларынын санынын көбөйгөндүгү жана жыл ичинде эт, сүт, жүн, жумуртканы өндүрүү боюнча маалымат берилип жайыт маселелери тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле жаратылыш ресурстарын коргоо багытында экологиялык коопсуздук маселелери инспекторлору тарабынан жаратылыш мыйзамдарын бузуучуларга карата жалпы жүрүзүлгөн иштеринин жыйынтыктары айтылды.
Облустун туризм тармагы, салык кызматынын иш жүрүзүүлөрү, бюджеттин өлчөмү боюнча көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берилип, региондогу криминалдык фактылар аларды алдын алуу жана кыскартуу боюнча иш милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтар берилди.
Коллегиянын күн тартибинин экинчи маселеси билим берүү, социалдык коргоо, социалдык камсыздандыруу, жумушсуздук, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармактарындагы иштин 2011-жылга болгон салыштырмалуу көрсөткүчтөрү менен катар алдыга коюлган милдеттер боюнча доклад жасалды.
Жогорудагылардын негизинде, Нарын облустук коллегиясы облустук мекеме-уюмдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын, Нарын шаарынын мэриясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2012-жылы облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү багытында аткарган иштери жалпысынан канааттандыраарлык деп табылсын деген чечим менен бир катар милдет, тапшырмаларды алдыга коюлду.
Ош облусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы коллегиясынын отуруму 7-февралда болуп өттү.
Отурумга Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева катышты.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жээнбеков С.Ш. доклад окуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кыскача маалыматтары угулду. Күн тартибинде каралган маселе боюнча токтомдун долбоору кабыл алынды.
Ага ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине 2012-жыл ичинде аткарган иштеринин абалына баа берилип, 2013-жылда Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча жеткиликтүү иш-аракеттерди көрүүлөрү үчүн алардын алдына милдеттер коюлду.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри К. Талиева , КР Саламаттык сактоо министри Д. Сагимбаева, КР Социалдык өнүгүү министри К.Султанов, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаева, КР Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Д.Кенжебаев жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Э.Бусурманкулов чыгып сүйлөшүп, негизинен Ош облусундагы көйгөйлөргө токтолушту жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Мындан сырткары КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 11-январындагы №07-б буйругу менен Ош облусунда 2013-жыл “Мектепке чейинки билим берүү жана спорттук мекемелерди калыбына келтирүү, өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды.
Ысык-Көл облусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көлоблусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы 8-февралда өткөрүлдү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер министри Оторбаев Ж.К. катышты.
“Ысык-Көл областынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2013-жылга карата коюлган милдеттер тууралуу” ыйгарым укуктуу өкүлү М. Асанакуновдун отчету эске алынды.
Ошондой эле, коллегиянын чечими менен айыл чарба дүң продукциясынын өсүү темптерин төмөндөткөндүгү үчүн Ак-Суу (Ж.Байсеитов), Жети-Өгүз (Ж.Дүйшөмбиев), Ысык-Көл (Р.Имангазиев) райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Түп (Р.Тюпеев) райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басарына эскертүү берилди. Иштердеги кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн, ошондой эле күздүк себүү боюнча берилген тапшырманы аткарбагандыгы үчүн Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары А.Бейшекеевге, К.Ашыровго, Т.Түмөнбаевге сөгүш жарыяланды жана аларга жазгы-талаачылык өнөктүгүн тийиштүү деңгээлде алып барышпаса, ээлеген кызматтарынан бошотууга чейинки катуу чаралар колдонуулары эскертилди.
Каракол шаарында калкты жылуулук менен камсыз кылууда көмүр ташуу өз убагында уюштурулбай, жылуулук берүү мезгили үзгүлтүккө учуроо коркунучу түзүлгөндүгү үчүн тийиштүү жооптуу кызматкерлердин жоопкерчиликтерин тез арада кароо жагы Каракол шаарынын мэри И.Өмүркановго тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппараты “Ысык-Көл” Биосфералык аймагынын ишмердүүлүгүн жана акча каражаттарын максаттуу пайдаланышы боюнча талдоо жүргүзүп, аталган Дирекциянын мындан аркы иш жөндөмдүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш даярдоо тапшырылды.
Бишкек шаары
Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиясынын отуруму 8-февралда болуп өттү. Отурумга коллегия мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сатыбалдиев Ж.Ж. катышты.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Исмаилов М.А. доклад окуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана райондук администрациялардын башчыларынын кыскача маалыматтары угулду.
Берилген маалыматтарга ылайык Бишкек шаарында кээ бир көрсөткүчтөр боюнча болжолдор аткарылган жок. Өнөр жай тармагынын 16 түрүнүн ичинен накта көлөм индекси 10 тармагында камсыз болду. Төмөнкү 6 тармакта өсүү темпи камсыз болгон жок: тоо кен иштетүү өнөр жайы, тамак-аш азыктарын өндүрүшү, нефть продукту өндүрүшү, резина жана пластмасса буюмдар өндүрүшү , металлургиялык өндүрүшүндө жана даяр металлдык буюмдар өндүрүшүндө, машина жана жабдуулар өндүрүшү.
Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан иш жүзүндө 3016,5 млн.сом жыйналып, болжол 86,7% аткарылган. Толук түшпөй калуунун суммасы 460,8 млн.сом болду. Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөр 1323,5 млн.сом суммада же болжолго карата 87,4% аткарылган (болжол – 1514,6 млн.сом) аткарылбай калган сумма 191,1 млн.сомду түздү. Салыктык кирешелер боюнча болжол 5053,7 млн.сом суммада белгиленсе, иш жүзүндө 4362,8 млн.сом түшкөн, болжол 86,3% аткарылды. Толук түшпөй калган сумма 690,9 млн.сомду түздү.
Мэриянын коллегиясынын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациялар жерди мыйзамсыз сатуу, бүтпөй калган жана шаар курулушуна берилүүчү документтер менен иш алып барууну күчөтүү зарылдыгы айтылды.
Жылдан-жылга шаар жолдорунун абалы начарлап, борбордук бөлүгүндө унаа кыймылдары тартиби жок жүрүп, муниципалдык унаанын жетишпегендиги байкалганын белгилеп өтүштү.
Ала-Арча, Ала-Мүдүн дарыяларынын жээктерин бекитүү, борбор калаанын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу жумуштары начар жүрүп жатканын белгилешти.
Бекитилген аймакта жетишерлик деңгээлде жумуш алып барбагандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэрине Свердлов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо жагы тапшырылды.
Ошондой эле, КР Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгынын төрагасына ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо жагы жана Бишкек шаарынын ири салык төлөөчүлөр башкармалыгынын төрагасына сөгүш жарыялоо тапшырмасы берилди.
Мындан сырткары шаар мэрине 2013-жылдын 1 кварталынын жыйынтыгы боюнча бардык райондук жетекчилерге көрсөтүлгөн планды аткаралбаса, жетекчилерге карата чара көрүү боюнча тапшырма берилди.
Коллегиянын жыйынтыгында 2013-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн планын аткаруу боюнча тапшырмалар коюлду.
Талас облусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министриТайырбек Сарпашевдин катышуусу менен 2013-жылдын 9-февралында өттү
Коллегияда отчеттук баяндама менен чыккан өкүлдүн биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров өткөн 2012-жылда облустун негизги тармагы болгон айыл-чарба секторунда 13 млрд. 948 млн сомдук дүң продукция өндүрүлүп, салыштырмалуу баа менен алганда өсүү темпи 100,0 пайызга аткарылгандыгын белгиледи.
Облус боюнча эт, сүт, жүн, жумуртка өндүрүүнүн өсүү ыргактары 101-105 пайызга чейин жогорулаган. Облус боюнча өнөр-жай продукцияларын өндүрүү энергетика ишканаларынын продукцияларын эсепке алганда 755,5 млн. сомго өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси менен алганда өсүү темпи 114,5 пайызга аткарылды.
Ошондой эле элге кызмат көрсөтүүдө, чекене товар жүгүртүүдө, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууда өткөн жылга салыштырмалуу бир кыйла алга жылыштар болгон. Коллегияда облуста орун алган кемчиликтер жана көйгөйлүү маселелер жөнүндө да кеңири сөз болду.
Облустук өкүлчүлүктүн токтому менен социалдык-экономикалык өнүгүүдө мыкты ийгиликтерди жараткан жана айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барган Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнө эмгек атандаштыкта биринчи орун ыйгарылып, 40 миң сом акчалай сыйлык жана биринчи даражадагы диплом, Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнө экинчи орун 30 миң сом акчалай сыйлык жана үчүнчү орунду бөлүп алышкан Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө, Манас районунун Май айыл өкмөтүнө 15 миң сомдон акчалай сыйлыктар жана дипломдор берилди.
Ошондой эле коллегияда Талас облустук статистика комитетинин жетекчиси С.Саткыналиевага, Талас облустук телерадиокомпаниянын башкы директору Э.Үмөтовго “2012-жылдын мыкты жетекчиси” аталып, атайын дипломдор тапшырылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, СССР эл агартуусунун отличниги С.Бекманбетовго, “Диона компани НКА” жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Д.Молдояровага “Талас облусунун ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылды.
Ал эми “Кыргызтелекомдун” Таластагы облустук филиалына “2012-жылдын мыкты мекемеси” деген наам берилди. Мына ушул сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Сарпашев Т. жана ыйгарым укуктуу өкүл Курманалиева К. тапшырды.
Коллегияда шаардын мэри, райондун акимдерин, айыл өкмөт башчыларын айыл чарба кооперативдерин ирилештирүү, “Жерүй” кенин иштетүүчү компаниянын эсебинен ар бир райондо бирден техникалык сервисдерди уюштуруу, ар кандай ылаңдан өлгөн айыл чарба малдарын көмүүчү “Беккари” чуңкурларын уюштуруу, кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин, жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча милдеттендирген атайын токтом кабыл алынды.
Жалал-Абад облусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясынын отуруму Вице-премьер министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусу менен 12-февралда өттү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эгамбердиева Ж.Ш. доклад окуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана райондун акимдеринин кыскача маалыматтары угулду. Күн тартибинде каралган маселе боюнча токтомдун долбоору кабыл алынды.
Ага ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине 2012-жыл ичинде аткарган иштеринин абалына баа берилип, 2013-жылда облустун социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча жеткиликтүү иш-аракеттерди көрүүлөрү үчүн алардын алдына милдеттер коюлду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтому менен белгиленген 2013-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудай себүү программасынын аткарылышы жана дебитордук карыздардын, бюджеттик ссудалардын, гранттардын жана сугат сууга болгон төлөмдөрдүн кайтарымы боюнча, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Айдаралиевге, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рыскуловго, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Долдоевге, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмоновго жана Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.Шабдановго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан сөгүш жарыяланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү