30

Декабрь

2013

(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри К. А.Талиеванын дене тарбия жана спорт кызматкерлерине Жаңы Жылдык куттуктоосу

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди чын дилимден жаңы 2014-жылыңыздар менен куттуктаймын!

Өтүп бара жаткан 2013-жылда биздин спортчуларыбыз эл аралык абройлуу мелдештерде көптөгөн бараандуу ийгиликтерге жетишип, өз күйөрмандарына жана жалпы эле мекендештерибизге зор кубанычтарды тартуулашты.

Биздин спортчулар өздөрүнүн сыймыктуу жеңиштери менен Кыргыз Республикасынын туусун дүйнө өлкөлөрүнүн стадиондорунда желбирете көтөрүшүп, мамлекеттик гимнибизди жаңырта угузуп келе жатышат.

Коомдун жана мамлекеттинөнүгүү жолунда дене тарбия жана спорт, сергек жашоо образы орчундуу орунду ээлейт. Ошондуктан дене тарбия кызматкерлерин жана спортчуларды колдоп, жардам көрсөтүү үчүн, коомубузда дени сак жана сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн,өкмөт тарабынан спортко дайыма өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат.                                                             Урматтуу дене тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлери! Сиздерди жаңы 2014-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Жаңы Жыл сиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт тартуулап, сиздерге көп жаңы жеңиштерди алып келсин!

Кыргыз Республикасынын                                                                      вице-премьер министри                                      К.А.Талиева