30
Декабрь
2013
(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри К.А.Талиеванын саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине Жаңы Жылдык куттуктоосу
Урматтуу саламаттыкты сактоо тармагынынкызматкерлери!
Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди келе жаткан Жаңы 2014-жылыңыздар менен чын дилимен куттуктаймын! Бул жашоодогу баа жеткис байлык болгон адам өмүрү жана ден-соолугу үчүн күрөшкөн медицина кызматкеринин кесиби чыдамкайлыкты, терең билимди жана ак ниеттүүлүктү талап кылат. Саламаттык сактоо системасынын ишиндеги негизги багыттар болуп саламаттыкты сактоонун баштапкы деңгээлинин потенциалын өнүктүрүү, эне жана баланын саламаттыгын сактоо, жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасынын натыйжалуу иштешине жетишүү болуп саналат. Өкмөт саламаттыкты сактоо системасын колдоп, өнүктүрүүгөжана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, калкка жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүгө,медицина кызматкерлеринин социалдык проблемаларын чечүүгө дайыма өзгөчө көңүл бөлүпкеле жатат. Урматтуу саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери! Сиздерди жаңы 2014-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктап, сиздердин ак дилдүү, түйшүктүү ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалаймын! Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри К.А.Талиева