17

Март

2015

Т.Сарпашев Боспиек айылында Аксы окуяларынын 13 жылдыгына арналган эскерүүгө катышты

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Аксы районунун Боспиек айылында мындан 13 жыл мурда болгон Аксы окуяларына арналган эскерүүгө катышты.

Т.Сарпашев Аксы окуяларынын мамлекетибиздеги башкаруу формасын өзгөртүүгө чоң салым кошкондугун, тарыхый зор маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы жарлыгына ылайык 17-март күнү Аксы окуяларын эскерүү күнү деп белгиленген. Аксы окуялары Кыргызстандын демократиялык өнүгүүгө бурулуш жасалган кадамдын  символу болуп калды. 17-мартта Кыргызстандын бардык аймагында Аксы окуясы эскерилип, мектептер менен окуу жайларда мектеп окуучуларына, студенттерге атайын сабактар өтүлүп, бир эле убакта бир минуталык эскерүүлөр өткөрүлүп келе жатат. Бул иш-чаралар бүгүнкү күндө өлкөбүздүн баардык аймактарында өткөрүлүүдө. Эгемендүү элибиздин эркиндиги үчүн, жалтанбай ажалга түз барып, Кыргызстандын келечегин өлбөс кылып, өмүрүн берген биздин эр азаматтарыбыздын жасаган эрдиги баарыбыз мекенибиз үчүн таза жана ак дилден кызмат кылууга багыт берди. Азыркы учурда мамлекетибиздин башчысы тарабынан бекитилген 2012-2017 - жылдардагы туруктуу өнүгүү стратегиясы эртеңки күнүбүздүн өнүгүүсүнө абдан чоң өбөлгө түзүүдө. Кыргызстаныбызда энергетикалык көз карандылыктан чыгууга арналган алгылыктуу иштер жана бир ири долбоорлор аткарылууда. Бул иштерди ишке ашырууда албетте тынчтык, биримдик жана ынтымакчылык негизги ролду ойнойт”, - деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр сөзүнүн аягында өлкөгө тынчтыкты жана бакубат-бардар турмушту каалады.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү