16

Декабрь

2013

Тайырбек Сарпашев: Творчество Райкана Шукурбекова – это кладезь знаний и народной мудрости

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев кыргыз элине белгилүү сатирик, акын, жазуучу, драматург жана котормочу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгына арналган  салтанаттуу иш-чарага катышты.

Тайырбек Сарпашев өз сөзүндө Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылык мурасынын кыргыз маданияты үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Райкан Шүкүрбеков – тагдыры ары татаал, ары кызыктуу инсан. Ал жаштайынан жетим калганына карабай, сабатсыздыгын жоюп, педагогдук билим алган. Табийгат берген таланты жана билиминин аркасында Райкан Шүкүрбеков орус классиктеринин жана дүйнөлүк адабиятчылардын чыгармаларын которгон. 1959-жылы жазылган көп актылуу “Акындын үмүтү” драмасы Токтогул Сатылгановго арналып,  анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт. Мындан сырткары, Райкан Шүкүрбеков – атамекендик эстрада  жана балдар адабияты үчүн бир катар интермедияларды жараткан. Ошондой эле, ал өзү жашаган доорду, замандаштарынын чыныгы жүзүн бере алган акылман жазуучу. Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылыгы – кылымдар бою кыргыз эли алып жүргөн элдик даанышмандык менен билимдин кенчи”, -деди Вице-премьер-министр.

 Маараке белгилүү фольклордук топтордун чоң программадагы концерти менен коштолду.

 Эскерте кетсек, залкар акын жана драматург Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракени өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 10-сентябрында токтом чыгарган. Анын алкагында акындын өмүрү, чыгармачылыгына арналган поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий-практикалык конференциялар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү