23
Май
Темир Сариев: “Өкмөт алдындагы негизги милдеттин бири - элдин бийликке карата ишенимин арттыруу”
Бүгүн, 22-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөт жыйыны болуп өттү.
Премьер-министр жыйынды ачууда анын катышуучуларын кечээ күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга расмий түрдө кол коюшу менен куттуктады. “Учурда мамлекет ичиндеги Келишимге кошулуу боюнча процедуралар толук жыйынтыкталды. Бул багытта 3 жылдан ашуун тынымсыз иш-чараларды өткөрүлдү, белгилеп кетүүчү нерсе интеграциялык чоң биримдикке кирип жатканда КР Президенти, КР Жогорку Кеңеши жана КР Өкмөтү тарыхый маанилүү кадамды таштаар алдында бир муштум болуп туруп бердик. Мындан ары карай өлкөбүз үчүн 175 млн ашуун керектөөчүлөрдөн турган чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат”, - деди ал.
Темир Сариев белгилеп кеткендей, ЕАЭБге кошулуу алкагында жалпы республика боюнча түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүшү кажет. Ошондой эле Өкмөт башчы тармактык министрлик жана ведомство жетекчилери бизнес-жамааты, дыйкандар, фермерлер жана ишкерлер арасында ыкчам түшүнүдүрүү иштерин жүргүзүүсү, бул жаатта кадамдык планды иштеп чыгуусу зарылдыгын баса белгиледи. “Аталган маанилүү ишке тийиштиги бар ар-бир мамлекеттик орган башчысы жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткаруусу боюнча жеке жооп берет, ири мамлекеттик деңгээлдеги маселеде бири-бирине түртө салуу, шылтоо орун албашы керек”, - деп эсептейт Премьер-министр.
“Эмгек мигранттарынын шарттарын жакшыртуу жана алардын укугун коргоо милдети Тышкы иштер министри жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине тапшырылган. Мындан тышкары кара тизмеден чыгаруу жолу, Өкмөт бул маселе боюнча конкреттүү кандай көмөк көрсөтөөрү тууралуу маалыматтар ЖМК жана консулчулуктар, чет жердеги мекендештер ассоциациялары тарабынан жүргүзүлүшү керек. Бул иштерди координациялоого жогорудагы 2 министрлик жооп берет”, - деп кошумчалады Т.Сариев.
Өкмөт башчынын пикиринде, тармактык мамлекеттик орган жетекчилери бир орунда отура бербестен, жер-жерлерге, өзгөчө Россия Федерациясына барып иш алып баруулары тийиш. “Үстүбүздөгү жылдын 28-29-майында Астанада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын саммити өтөт, ал жерде өкмөт деңгээлинде кандай маселелер коюлаары боюнча сунуштарды бериңиздер”, - деди ал.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Мамлекеттик чекара кызматына жана Мамлекеттик бажы кызматына чекараларды ачуу жана лабораторияларды жабдуу маселесин ыкчам түрдө чечүү жүктөлдү.
Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн Аппаратына ЕАЭБ кирүү алкагында киргизилип жаткан жаңы эрежелер боюнча атайы маалыматтык кампанияларды өткөрүү, бул максатта КТРКдан орчундуу убакытты бөлдүртүп, 15 күн ичинде түшүндүрүү иштерин кызуу жүргүзүү тапшырмасы берилди. “Маалыматты так жеткирүү жана эл арасында жайылтуу боюнча маморгандар арасында тыгыз байланыш орун алсын. Аким, губернаторлор кандайдыр бир маалымат боюнча министрлерге кайрылган учурда, жоопту 1 күн ичинде, ашып кетсе 3 күн ичинде так жооп кайтаруу талабы коюлсун”, - деген талапты койду Өкмөт башчы.
Премьердин айтымында, учурда өлкөдө чоң ири долбоорлор : жол салуу, суу каналдарын куруу, электр энергиясы боюнча ГЭСтерди куруу ишке ашырылууда. Жер-жерлердеги аким жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр аталган долбоорлорду көзөмөлдөп, чечилбей жаткан маселени Өкмөт деңгээлинде көтөрүүгө милдеттүү, бул боюнча атайы көзөмөл тутуму ишке ашырылууда.
Мындан тышкары Өкмөт башчы дагы бир ирет жолдордун маселесин козгоп өттү. Ал Транспорт жана коммуникация министринин жана Бишкек мэринин иш күнү жолдордун абалы жана тазалыктын сакталышын көзөмөлдөөдөн башталуусу керектигин белгиледи. “Бул боюнча мамлекет башчынын райондук, облустук борборлордун жолун жакшыртуу боюнча атайы тапшырмасы бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, жергиликтүү бюджеттен каржыланган жолдордун абалы өтө начар акыбалда. Бул багытта кошумча түрдө 1 млрд сомдон ашуун каражат табылды. Ошол эле учурда транспорт жана коммуникация министрлигине жеке жоопкерчилик жүктөлүп, коррупциялык схеманы жоюу милдети коюлган. Ал эми губернатор жана мэрлерге акча каражатын натыйжалуу сарпталышын жана курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу милдети тагылат. Алдыда турган 2 айдын ичинде оңдоого муктаж жерлер аныкталып, иштер жыйынтыкталышы кажет, тийиштүү учурда ишти 2 сменде жүргүзүү жагы каралсын. Элдин бийликке карата ишенимин арттыруу – биздин негизги милдетибиз, элдин жашоо-шарты, инфраструктура деңгээли жакшырса, өз кезегинде ал элдин турмуш деңгээлине кескин оңдуу таасирин берет”, - деп билдирди Т.Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу маселесине дыкааттык менен мамиле кылынышын талап кылып, жакынкы арада ӨКМ адистери суу ташкыны, сел кооптуулугу орун алган жерлерди кыдырып, кырсыктын алдын алууда жергиликтүү калктын көмөгүн тартуу зарылдыгын белгиледи. “Айрым кызматтык жактардын шалаакылыгынан калыбына келтирүү иштерине эбегейсиз каражаттар сарпталууда. Мында өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана губернаторлордун жоопкерчилиги каралсын”, - деп кошумчалады ал.
Өкмөт башчы мындан тышкары өлкөдө туруктуулуктун камсыздалышы чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. “Эгерде мамлекетибизде бут тосуулар жана тополоңдор боло берсе, бизге инвесторлор келбейт, бул өз кезегинде өлкөнүн өнүгүүсүнө терс залакасын тийгизет. Туруктуулук сакталган учурда гана өлкөдө ийгилик орнойт”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү