17
Декабрь
В 2013 году Кыргызстан посетило 3 миллиона 89 тысяч человек
Бүткүл дүйнөлүк Туристтердин уюму классификациясына туура келип, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден Кыргызстанга келген жарандарынын саны 580 миң адамга өсүп, жалпы саны 3 миллион 89 миң турист болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсү боюнча, 2013-жылдын январынан сентябрь айына чейин “Туризм” тармагынан келип түшкөн салыктын көлөмү былтыркы жылга караганда 953 миң сомго көбөйүп, жалпысынан 75 млн. 628 миң сомду түздү.
2013-жылдын 9 айында туристтик тармак боюнча ички дүң кошумча ички дүң продукциянын 12481,1 млн. сом же 5,3 % түздү ( 2012-жылы - 9957,2 млн. сом).
Туристтик кызматты экспорттоо (чет элдик жарандардан түшкөн киреше) ушул жылдын 9 айында 218,4 млн. доллар болуп, былтыркы жылдын бул мезгилине карата 128,0 млн. долларга көп:
- Мейманкана жана аз мөөнөттөгү турак жайлардан түшкөн киреше 1397,6 млн. сом. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 25% көбөйгөн (2012-жылы 1110,1 млн. сом)
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү