30

Январь

2014

Джоомарт Оторбаев: Чиновникам на местах нужно регулярно проводить встречи с людьми, что бы знать об их проблемах не понаслышке

DSC_2398s

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун 2013-жылдагы социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты.

Жыйында облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков баяндама жасады. Анын айтымында облус боюнча 18 млрд. 366 миң сомго айыл чарба жана 817,3 млн. сомго өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч алдынкы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогору. Облус боюнча негизги капиталга 915,6 млн. сом инвестициялар тартылып, ал 15,4 пайызга жогорулаган. Бул каражаттар негизинен мектептерди жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерди курууга жумшалган.

Биринчи вице-премьер-министр республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөгү жаңы маалыматтар жөнүндө айтып берип, облустун 2014-жылдагы милдеттерине токтолду.

“2013-жылы кыргыз элинин маданий руханий мурасы болгон “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине кирип, бул теңдешсиз эпикалык поэма дүйнө элине даңазаланды. Быйыл Талас облусунун, Талас шаарынын, Манас районунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы белгиленет. Учурда жергиликтүү бийликтин өз аймагын өнүктүрүүгө укугу да , мүмкүнчүлүгү да бар. Ошого байланыштуу сиздер  жоопкерчиликтүү иш алып барасыздар деп ишенем”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Коллегиянын жыйынтыгында мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алган Кара-Буура районуна Өтмө Кызыл Туу жана облустун диплому тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү