15

Февраль

2014

Кыргызстан и Эстония обсудили перспективы сотрудничества в сфере внедрения электронного управления

Кечээ, 14 февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Каданбай Бактыгуловдун Эстония Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Электрондук башкаруунун мамлекеттик борборунун (ЭБМБ) учурдагы ишмердүүлүгүн жана мындан аркы аткарыла турган мерчемдерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин кызматын аткарган -ЭБМБКыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы №310 токтомунун негизинде түзүлгөн.

ЭБМБ   электрондук башкарууга кирүү  боюнча  аткаруу бийлигинин, жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын жана  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  органдарынын  ишмердүүлүгүн координациялоо жана жакшыртуу максатында иш аракеттерди  аткарат.

Жолугушуунун жүрүшүндө  К.Бактыгулов Эстония Республикасынын  Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасында Электрондук башкарууну киргизүү  стратегиясы долбоорун  ишке ашырууда  жана 2014-2017-жылдарга карата мерчемдерди аткарууда кызматташтыкта болуу сунушун айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында   тараптар  төмөндөгү тармакта  кызматташтыкта болуу мүмкүнчүлүгүн  карашты:

- Элекрондук башкарууга кирүү стратегиясына жооптуу болгон ЭБМБун негизги институт катары,мындан ары    институционалдык өнүктүрүү, ошондой  эле  электрондук башкаруусу менен туруктуу менеджмент системасын  түзүү;

- Калктын бирдиктүүмамлекеттикрегистринтүзүү ;

- Бирдиктүү жалпы мамлекеттик электрондук башкаруунун архитектурасын түзүү;

Ошондой эле  Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында  Кыргыз жана Эстония Республикаларынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн   тажрыйба алмашуусун уюштуруу маселеси каралды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү