04

Февраль

2016

«Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда билим берүү тармагында алака бир топ жакшырды»

Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев Кыргызстандагы Корея билим берүү борборунун башчысы Ли Ёнг Ху менен жолукканда билдирди.

«Түштүк Корея менен биздин өлкөнүн ортосунда билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлдү. Мындан ары биргелешкен ири билим берүү борбору ачылса жакшы болмок. Анда биз келечекте тил үйрөнүүнү каалаган жаштарга жакшы шарт түзүп бермекпиз»,-деди Нурханбек Момуналиев.

Корея билим берүү борбору 15 жылдан бери Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп келатат. Бул аралыкта өлкөдө 3 миңден ашык жаштар корей тилин үйрөнүп, миңдеген жаштар Кореяга барып билим алып келгенге жетишти. Аны менен катар республика боюнча 38 мектепте корей тили кирип, окуучулардын кызыгуусун арттырууда.

Мындан улам, борборду жетектеп келаткан Ли Ёнг Хунун эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ага энчилүү саат жана ыраазычылык баракча тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү