05

Февраль

2016

Кыргызстанда жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланат

Мындай буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйын жүрүшүндө  Премьер-министр Темир Сариев өлкөдө экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча жашылдандыруу өнөктүгүн жүргүзүү зарылдыгын билдирди. Буга байланыштуу Өкмөт атайын буйруктун негизинде быйыл өлкө боюнча 2 миллион көчөт тигүү чечими кабыл алынып, үч айлык жашылдандыруу акциясы өткөрүлөт.

«Акыркы жылдары жашылдандыруу маселеси абдан начар абалда калган. Бул кемчиликти жоюу үчүн жашылдандыруу өнөктүгүн активдүү жүргүзүү зарыл. Ошондуктан, атайын үч айлык жашылдандыруу өнөктүгү жарыяланат», - деди Темир Сариев.

Темир Сариев бул өнөктүккө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары активдүү катышуусун тапшырды. Анын алкагында ар бир органда атайын план түзүлүп, аткарылышы көзөмөлгө алынат.

Өкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарба мамлекеттик агентинин директору Сабыржан Атажановдун маалыматы боюнча керектүү көчөттөр менен агенттик камсыз кылаарын жана өнөктүк алкагында 100 миң көчөттү мектептерге таратаарын билдирди.

Премьер-министр бул өнөктүккө жарандарды да активдүү түрдө катышууга чакырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү