16

Декабрь

2015

«Кыргызстандын ар бир облусунда мал союучу цехтер жана мөмө жемиштерди сактоочу логистикалык борборлор болушу зарыл»

Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Аалы Карашев Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы логистикалык борбордун жана «Элита» малдарды жасалма жол менен уруктандыруу станциясынын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Ошондой эле Биринчи-вице-премьер-министр Аалы Карашев айыл-чарба тармагындагы күнөскана, логистикалык борбор, бодо малдарды жана кой-эчкилерди соючу цехтер, жасалма жол менен уруктандыруучу станциялардын мааниси ЕАЭБге киргенден кийин өз актуалдуулугун жогорулаткандыгын кошумчалады.

Тармакты колдоо максатында КР Өкмөтү 2016-жылы Республикалык ветеринардык диагностика борборунун бюджетин эки эсеге көбөйттү.

Аны менен катар өлкөдөгү көпчүлүк лабораториялар ЕАЭБдин талаптарына жооп бере тургандай абалга келтирилип, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. «Эми айыл-чарба азыктары эч кандай тоскоолдуксуз, дүйнөлүк стандартка жооп берген лабораториялардан текшерилет»,- деди Аалы Карашев.

Белгилесек, азыркы тапта өлкөдө 26  ветеринардык борбор, 1 республикалык борбор жана 66 райондук деңгээлдеги ветеринардык борбор иштеп жатат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

 маалыматтык камсыздоо бөлүмү