20

Март

2014

Кыргыз Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкы эки инвестициялык насыяларды берүү жөнүндө Келишимге кол коюшту

Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда “Кыргызстанга айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” жана “Бишкек-Ош унаа жолун реконструкциялоо. Фаза VI” долбоорлору боюнча Кыргыз Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) кризиске каршы фондунун башкармалыгы ортосунда  Келишимге кол коюлду.

Документтерге Каржы министринин милдетин аткаруучу Ольга Лаврова жана Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Игорь Финогенов кол коюшту.

Белгилей кетсек, “Бишкек-Ош унаа жолун реконструкциялоо. Фаза VI” долбоорлоруна ЕӨБ жалпы суммасы 60 млн. доллар каражатты 20 жылга жылына 1% көлөмүндө насыяга берет. Жеңилдетилген убакыт 8 жыл. Бул каражатка “Бишкек-Ош” жолундагы Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки 67 чакырым унаа жолу оңдолот.

“Кыргызстанга айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” долборун ишке ашыруу үчүн  аталган банк 20 млн. долларды 20 жылга, жылына  1% көлөмүндө насыя берет. Жеңилдетилген убакыт 8 жыл.

Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба техникаларын сатып алууга, кийин айыл чарбалык субъектилерине лизингге берүү үчүн колдонулат.

Аталган Келишим Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү