13
Март
Межведомственная комиссия по оптимизации государственных и муниципальных услуг продолжает рассматривать проекты стандартов государственных услуг
12-мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын башчысы-министр Нурханбек Момуналиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү оптимизациялоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестрине кирген, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын 15 долбоору каралды.
2013-жылдын аягынан азыркы мезгилге чейин мекемелер аралык комиссия тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын 74 долбоору каралып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитүүгө сунушталган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү