23
Август
Министр юстиции Алмамбет Шыкмаматов: «Будут приняты меры дисциплинарного воздействия в отношении сотрудников, некачественно выполняющих функциональные обязанности в рамках деятельности Комисс
Бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү.
Күн тартибине ылайык, Юстиция министрлигине караштуу нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссиянын ишмердүүлүк жыйынтыктары тууралуу маселе каралды.
Аталган маселе боюнча баяндамачы катары КР юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов чыкты.
Министр Өкмөт мүчөлөрүнө маалымдагандай, Нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссиясы Юстиция министрлигине караштуу, ал 2001-жылдан тарта иштеп келе жатат. Анын курамына министрлик жана ведомстволордун 40 ашуун өкүлү кирет жана катарда окумуштуулар жана тажрыйбалуу юристтер да бар.
Комиссиянын түзүлүү максаты Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларын инвентаризациялоо жолу аркылуу ар-кыл деңгээлдеги нормативдик-укуктук актылар аралык карама-каршылыктарды, бирдиктүү деңгээлдеги нормативдик-укуктук актылар ортосундагы коллизияларды жоюуга, ошондой эле жүргүзүлгөн талдоолор негизинде тийиштүү нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу болуп эсептелет.
Ошондой эле маалымдалгандай, 2010-2014-жылдарга дейре Комиссиянын 12 жыйыны өткөрүлүп, анда нормативдик-укуктук актылардын 150 долбоору каралып, анын 127си кабыл алынган.
“Бирок Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларын инвентаризациялоо алкагындагы ишмердүүлүктүн жүргүзүлүшү мамлекеттик орган жетекчилери тарабынан начар көзөмөлгө алынууда. Комиссия ишмердүүлүгү алкагында функционалдык милдеттерин сапатсыз аткарган кызматкерлерге карата тартипке чакыруучу чараларды көрүү зарыл», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча нормативдик-укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү, иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана кынтыксыз аткаруу иретинде Комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки ар-бир айдын 5-күнүнөн калбай, КР Юстиция министрлигине Комиссия аткарылган иш тууралуу маалымат берип туруусу жөнүндө чечим кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү