17
Февраль
Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык комиссиясынын 19-кеңешмеси өтүүдө
Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын 19-кеңешмеси өтүүдө.
Комиссияда Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектөөдө.
Ал эми Россия Федерациясынын делегациясын Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин жетектөөдө.
Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашат. Тактап айтканда, айыл чарба, өнөр жай, транспорт, туризм, маданият, билим берүү жана илим, миграциялык саясат, банк тармагы, аймак аралык кызматташтык жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү