11
Март
Мы сделали большой шаг в вопросе децентрализации власти и увеличения роли органов МСУ
Бул туурасында, 11-мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат башчысы-министр Нурханбек Момуналиев “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү: дарамети жана келечеги” аталышындагы конференцияда билдирди.
Нурханбек Момуналиев өз сөзүндө аймактын экономикалык дараметинин жогорулашында жана элет жеринде жашаган жарандардын бакубаттуулугунун өсүшү үчүн жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин маанилүүлүгүнө токтолду.
“Учурда биз бийликти борбордон алыстатып, жергиликтүү башкаруу органдарынын ролун күчөтүүдө чоң кадамдарды жасадык. Бийликтин Бишкекке ыкылас коюулушу натыйжасыз экендигинен улам жасалды. Азыр райондук мамлекеттик администрациялар жана айыл башкармалыктарынын ишинен көп нерсе көз каранды. Кыска жана орто мөөнөттөгү мүнөзгө ээ маселелердин ыкчам чечилиши сиздердин колуңуздарда. Баардык нерсе сиздерден көз каранды- кантип иштейсиздер, ошого жараша көрсөткүч да болот жана жергиликтүү элдин бийликке болгон мамилеси да ошого жараша болот. Өз учурунда республикалык борбор сиздерге көмөк көрсөтүп турат”, - деди ал.
Өз сөзүндө Нурханбек Момуналиев залда отурган айылдык башкармалыктардын башчыларын мыйзамдуу иш аракеттери менен аткаруучулук тартиптерине, кесибин жогорулатуу жөндөмүнө, жарандардын керектөөлөрү менен үмүттөрүнө көңүл бурууну көз жаздымда калтырбоону эскертти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү