24
Январь
На Иссык-Куле пройдет форум «Всемирные игры кочевников»
Эртең, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын катышуусунда Ысык-Көлдө “Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары” форумунун ачылышы болот.
Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын негизги максаты - аталган оюндарды үгүттөө жана башка өлкөлөр менен эл аралык мамилени, спорт байланыштарын чыңдоо болуп саналат.
Бул жолугушууга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия Федерациясынын өкүлчүлүгү да келээри күтүлүүдө. Кыргызстан уюштуруучу мамлекет катары спорттун ар бир түрү боюнча экиден команда коет.
Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын программасына Көк-бөрү, Тогуз коргоол, Кыргыз күрөш, Алыш, Оодарыш, Ат-чабыш, Жорго салыш, Кунан чабыш, Ордо, Кыз кумай оюндары киргизилүүдө.
Ошондой эле, оюндардын жүрүшүндө Тыйын эңмей, кулатуу, Салбуурун сыяктуу улуттук оюндардагы мелдештерде медалдар ойнотулат.
Форумда уюштуруу иштеринен сырткары Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын түзүмү көрсөтүлүп, эрежелери жана калыс иштери каралат. Андан сырткары, алдыда өтүүчү алгачкы мелдештин программасына кирген оюндар көрсөтүлөт.
Жыйынтыгында, Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын Резолюциясы кабыл алынат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү