13

Март

2014

На сегодня крестьянам страны выдано льготных кредитов на сумму более 793 миллиона сомов

“Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында республиканын дыйкан жана фермер чарбаларына, айыл чарбасын кайра иштетүүгө жалпы наркы 793 миллион 501 миң сом көлөмүндө 2 609 жеңилдетилген насыя берилди.

Долбоорго 6 коммерциялык банктары катышууда. Алар: ААК «Айыл-банк», «РСК банк», АКБ «Кыргызстан»,  KICB, «Оптима банк», «Бакай банк» жана ААК «Насыя бирикмелеринин каржы компаниясы». Бүгүнкү күндө насыялар 5 банк аркылуу берилүүдө - ААК «Айыл-банк», «РСК банк», KICB, «Оптима банк» жана «Бакай банк». АКБ «Кыргызстан» да жакында бул тизмеге кошулат.

Банктардын мисалында насыялоо төмөндөгүдөй:

ААК «Айыл Банк» 1 467 насыя жалпы наркы 423 552,0 миң сом;

ААК «РСК Банк» 678 насыя жалпы наркы 252 295,0 миң сом;

ААК «Бакай Банк» 19 насыя жалпы наркы 4 390,0 миң сом;

ЖАК «KICB» 200 насыя жалпы наркы 58  007,0 миң сом;

ААК «Оптима банк» 245 насыя жалпы наркы 55 257,0 миң сом.

Насыя алууда жигердүүлүктү Чүй облусунун дыйкандары көрсөтүүдө. Аларга жалпы наркы 211 174 миң сом көлөмүндө 494 насыя берилди.

Долбоор 24 айга каралган, берилүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы көлөмү 5 млрд. сом.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү