14

Март

2014

На закупку медоборудования для Центра кардиологии и терапии имени академика М.Миррахимова будет дополнительно выделено 200 миллионов сомов

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Бул чечим республиканын калкына саламаттык сактоонун үчүнчү баскычында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында, кардиологиялык борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап жогорку технологиядагы медициналык жабдуулар менен жабдуу  максатында кабыл алынган.

Буга ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

200 миллион сом Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик, Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борборуна жана аталган борбордун жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Бул каражатка интервениялык кардиология үчүн ангиографиялык жабдуу, жүрөктүн кагуусунун бузулушун дарылоочу хирургиялык аблация жана электрофизиологиялык изилдөө жүргүзүүчү жабдык, компьютердик санариптик рентген аппаратын, жүрөк менен кан-тамырларын изилдөөчү көрсөткүчтүү санариптик кыска толкундуу эксперт классындагы дарт аныктоочу аппарат алынат. Ошондой эле, ички органдарды изилдөөчү кыска толкундуу аппарат, дефибрилляторлор, электрокардиографтар,  pH жана кандагы газга анализ жүргүзүүчү, жасалма кан айландыруу аппараттарын сатып алуу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борбору Кыргыз Республикасындагы кардиология жана жүрөк кан-тамыр хирургиясы тармагындагы дарылоо-дарт аныктоочу жана илимий-тажрыйбалык башкы борбор. Анын бейтапканасынан жылына республиканын аймактарынан келген 70 миңден ашуун оорулуулар жогорку адистештирилген кеңеш алышат, ал эми жылына ооруканасынан 12 миңден ашык адам дарыланат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү