25

Декабрь

2013

Началась рабочая поездка Камилы Талиевой в Иссык-Кульскую область

Бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын Ысык-Көл облусуна иш сапары башталды.

Анын алкагында Вице-премьер-министр аймактагы билим берүү жана медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, кышка карата даярдыгын көрөт.

Күндүн биринчи жарымында Камила Талиева Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында жайгашкан,  3 жаштан 18 жашка чейинки курактагы 92 бала тарбияланган балдар үйүнө барды.

Жолугушуу учурунда Вице-премьер-министр тарбиялануучуларды Жаңы 2014-жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди, эки катарлуу 16 керебет, төшөк-орундарын, муздаткыч, газ плитасын жана жылыткыч белекке берди.

Маектешүү учурунда Камила Талиева тарбиялануучулар кыргыз элинин улуу уулдары Алыкул Осмонов жана Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттин өсүшү үчүн өз салымдарын кошкон атактуу балдардан болооруна ишеним артаарын билдирди.

Андан соң, Вице-премьер-министр Ак-Суу районундагы бир катар мектептерди кыдырып, окутуучулар жана райондун активдери менен жолугушат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү