27
Декабрь
Началась рабочая поездка Жанторо Сатыбалдиева по Ошской области
Бүгүн, 27-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды.
Иш сапарынын алкагында Өкмөт башчы Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатынын тарбиялануучулары менен жолугушуп, Жаңы жылы менен куттуктайт.
Күндүн экинчи жарымында Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун жана Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрөт. Андан соң, аймактын аксакалдары жана жаштар менен жолугушат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү