31
Январь
2014
Началась встреча Токона Мамытова и Мурадали Алимардона
Бүгүн, 30-январда, “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов менен Тажик Республикасынын Вице-премьер-министри Мурадали Алимардондун жолугушуусу өтүүдө.
Белгилей кетсек, 2014-жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяга байланыштуу, тажик тарап аталган жолугушууну уюштурууну кыргыз тараптан суранган.
Сүйлөшүүнүн башкы темасы – мамлекеттик чек арада кырдаалды жөнгө салуу иш-чараларын иштеп чыгуу.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү