17
Декабрь
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI жыйыны өз ишин баштады
Бүгүн, 17-декабрда, “Ала-Арча” резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI жыйыны өз ишин баштады.
Комиссиянын тең төрагалары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Орусия Федерациясынын Бажы федералдык кызматынын башчысы Андрей Бельянинов.
Кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын күн тартибинде төмөндөгү маселелер белгиленген:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйынынын чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;
2. Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2010-2013-жылдарга карата экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын мерчеминин аткарылышы жөнүндө;
3. Отун-энергетика комплексиндеги кызматташтык жөнүндө;
4. Мунай-газ тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
5. Өнөр жай тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
6. Унаа байланышындагы кызматташтык жөнүндө;
7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытындагы кызматташтык жөнүндө;
8. Миграция тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
9. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
10. Маданият тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
11. Туризм тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
12. Аймактар аралык тармактар боюнча кызматташтык жөнүндө;
13. Агроөнөржай комплекси боюнча кызматташтык жөнүндө;
14. Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ишкерлер чөйрөсүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө;
15. Билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
16. Соода-экономикалык кызматташтык маселелери жөнүндө;
17. Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын биржа рыногун интеграциялоо, биржа каражаттарын укуктук окшоштукка алып келүү, эки мамлекеттин биржалык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында соода инфраструктурасындагы (биржа соодасы) кызматташтык жөнүндө;
18. Бажы тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
19. Минералдык- сырье жана кен өндүрүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө;
20. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI жыйынын өткөрүү жөнүндө.
[su_carousel source="media: 32720,32721,32722,32723,32724" link="image" items="4" title="no" mousewheel="no"]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү