10

Апрель

2013

Начался официальный визит Премьер-министра Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан

Бүгүн, 9-апрелде, Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган расмий сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда жогорку даражадагы мейманды Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жеке өзү тозуп алды. Эки өлкөнүн гимндери угузулуп, Ардактуу караулдун командири рапорт бергенден кийин Түркия Республикасынын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ардактуу караулдун ротасын кыдырып өтүштү. 

Эртең Түркиянын Премьер-министри  Кыргызстандын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөзөт. Кыргызстан менен Түркиянын Премьер-министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн соңунда соода-экономикалык кызматташуу маселелерине тийиштүү айрым биргелешкен документтерге кол коюлат. Түркиянын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы менен да жолугушуусу болот. 

Ошондой эле эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүлөт.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Түркиянын Премьер-министри Реджеп Эрдогандын   катышуулары менен стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңешинин жыйыны болот.  

Президент А.Атамбаев стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңешинин кыргыз тарабынын тең төрагасы, Премьер-министр Р.Эрдоган Түрк тарабынын тең төрагасы болуп эсептелинет. 

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын      маалыматтык саясат бөлүмү