13

Март

2014

Необходимо создать такие условия, чтобы молодые специалисты сами захотели работать на селе

Бул туурасында, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана медициналык адистерди даярдоо маселесине арналган кеңешмеде билдирди.

Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева тармактын учурдагы абалы жана тармакта орун алган көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.

“Учурда медициналык мекемелерди адистештирилген кадрлар менен камсыздоо өтө курч турат, өзгөчө элет жеринде. Жогорку окуу жайларын аяктаган бүтүрүүчүлөр социалдык шарттардын жоктугунан аймактарга барып иштөөдөн баш тартышууда. Ошол себептен, министрлик жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте аймактарга жөнөтүлүп жаткан жаш адистерди турак жай менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуулары зарыл”, - деди Камила Талиева.

Ал эми медициналык адистерди даярдоодо системаны жаңыртуу керек экендигин белгиледи. “Саламаттык сактоо тармагы үчүн адистерди даярдап жаткан ЖОЖдордун окуу-методикалык базасы, атайын илимий адабияты, тиешелүү профессордук-окутуучулук курамы болууга тийиш. Арийне, айрым ЖОЖдор бул жагынан мактана алышпайт. Мисалы, Түркияда студенттердин окуу-методикалык процессине катуу көзөмөлдүк жүргүзүлөт. Мыйзам бузуулар орун алса, алардын лицензиялары чакыртып алынат. Биздин өлкөдө да ушул сыяктуу механизмди иштеп чыгуубуз керек”, - деди Вице-премьер-министр.

Камила Талиева саламаттык сактоо министрлигине нормативдик-укуктук базаны текшерип, тиешелүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү