17

Январь

2014

Необходимо установить право жильцов многоквартирных домов на придомовые участки и прекратить хаотичную точечную застройку

Мындай оюн 17-январда Кыргыз Республикасынын вице – премьер- министри Тайырбек Сарпашев “ Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы аянттар жашоочулардын жеке менчигинде. Маселелерди чечүү” – аттуу тегерек стол отурумун ачып жатып айтты.

Аталган тегерек стол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жана“Биздин укук”   коомдук фонддун колдоосу менен уюшулган.

Жыйынга кызыктар болгон баардык тараптар чакырылган: борбордук бийлик өкүлдөрүнөн, Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу бийлик өкүлдөрүнөн тартып  бейөкмөт уюмдарынын (БӨУ) жетекчилери, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын укук коргоочулары  жана  жеке менчик мүлк  ээлери шериктештигинин өкүлдөрү катышты.

Бул форумда “ Көп кабаттуу үйлөрдө жалпы мүлктү  мамлекеттик каттоодон өткөрүү жол жоболору”  жана “Көп кабаттуу үйлөрдө жер тилкелеринин чек арасын аныктоо ” тууралуу долбоорлор көрсөтүлдү.

Жыйындын  жүрүшүндө  Тайырбек Сарпашев, бүгүнкү жолугушууда  ири шаарлардын тургундары үчүн маанилүү болгон  көйгөйлөрдүн  бири - көп кабаттуу үйлөрдүн жер тилкесинде жайгашкан турактуу жана турактуу эмес жайлардын ээлеринин  укугун коргоо маселеси каралаарын айтты.

“Бул  маанилүү  көйгөйдү  чечүүдө  бийликтин өкүлдөрү, айрыкча  жеке өзөн-өзүн башкаруу  уюмдары көңүл  буруусу зарыл.  Бүгүнкү жыйында көрсөтүлгөн долбоорлор  биз үчүн абдан маанилүү. Өзгөчө, “ Көп кабаттуу үйлөрдө жалпы мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүү жол жоболору”  долбоору - учурдагы  көп кабаттуу үйлөрдүн жер тилкелерине мыйзамсыз курулуп жаткан жагдайларга каршы  чара көрүү ыкмасы. Төмөндөгү   мамлекеттик мааниси бар  токтомду кабыл алуу менен, тургундар жер тилкесин мыйзамдуу түрдө  коргой алган, тиешелүү документтерге ээ болот” - деди ал.

Ошондой эле , “Биздин укук” коомдук фонду жана “Көп кабаттуу үй” кыймылынын  жетекчиси   Калича Умуралиева өз сөзүндө жер тилкеде жайгашкан турактуу эмес жайларды,  талаш-тартыштардын алдын-алуу максатында турак жайлардай эле мамлекеттик каттоодон өткөрүү зарыл экендигин белгилеп өттү.

Кеңешмеде   мамлекеттик салык  кызматынын  жетекчисинин орун басары Кубанычбек Кумашев  сунушталган жобону колдоорун жана менчиктештирилип кеткен мындай жерлерден мамлекет салык ала албай калаарын айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[gallery ids="30666,30667,30668,30669,30670"]