04

Март

2014

ОАО «Кыргызалтын» объявило тендер на закупку консультационных услуг среди юридических компаний страны

ЖАК “Кыргызалтын” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана “Кыргызалтын” жоопкерчилиги чектелген коомго “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү маселесинде кыска мөөнөттө Улуттук юридикалык кеңешчи катары өлкөдөгү юридикалык компаниялардын кеңеш берүү кызматына тендер жарыялады.

Сынакка укуктук жана жеке менчиктин түрүнө карабай, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, негизги ишмердүүлүгү юридикалык кеңеш берүү болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЖАК “Кыргызалтын” менен кызыкчылыктардын чыр-чатагы жок баардык юридикалык тараптар катыша алат. Ошондой эле сынакка катышуучулар 3 жылдан кем эмес коммерциялык, корпоративдик укук чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн, эл аралык жана атамекендик келишимдерди түзө билүүсү абзел.

Тоо-кен өндүрүшүндө тажрыйбасы бар, эл аралык уюмдар менен иш алып барган жана англис тилинде юридикалык кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ юридикалык компаниялар тандоодо артыкчылык укукка ээ болот.                                  

Кеңеш берүү кызматын сатып алуу сапатына жараша тандалат.

Техникалык тапшырмаларды ЖАК “Кыргызалтынга” караштуу “Кумтөр” долбоору боюнча иш алып барган бөлүмдөн алса болот: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 195 же ЖАК “Кыргызалтын”  расмий сайты  www.kyrgyzaltyn.kg

Сынакка катышуу үчүн сунуш-арыздар техникалык тапшырмаларды аткаруу боюнча сунуштарды жана кеңеш берүү кызматынын төлөмдөрүн көрсөтүү менен, бекитилген конвертте 2014 жылдын 14-мартында  саат 17:30дан кечигүүсүз төмөндөгү дарекке келүүгө тийиш: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 195, Консультативдик кеңешинин катчылыгы.

Убакыт мөөнөтү өткөн арыздар каралбайт. Жиберилген сунуш-арыздар кайтарылып берилбейт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү