18

Январь

2014

Объем промышленного производства по итогам 2013 года увеличился на 34,5 %

2013-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 34,5 пайызга жогорулаган. Жогорулоо негизинен металл өндүрүү жана металлдан жасалган даяр буюмдардын(1,9 эсе), минералдык продуктылардын өндүрүшүнөн (27,3%) жана азык-түлүк продуктыларынын, анын ичинде суусундук жана тамеки (4,5%) көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу.

Тамак-аш өнөр жайында, атап айтсак, суусундук, тамеки өндүрүшүндө, ошондой эле кум шекер өндүрүүдө 1,9 эсе жогорулоо бар.

Металл эмес минералдык продуктылардын ичинен айнек, цемент, курулуш кыштары, ээритме, ошондой эле курулушка керектелүүчү бетон жана темир бетон буюмдары көбүрөөк чыгарылган.

Ал эми металлургия өндүрүшү баалуу металлдардан жасалган буюмдардын эсебинен өскөн.

Анткен менен, текстиль жана тигүү өндүрүшү, электрэнергиясы, газ жана суу багытындагы өндүрүш  2012-жылдын январь-декабрь айларындагы көлөмгө  жетишилген жок.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү