18

Январь

2014

Объем ВВП по итогам января-декабря 2013 года составил 350,0 млрд. сомов

Учурдагы бааларга ылайык, 2013-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 350,0 млрд. сом  болуп, 2012-жылдын ушул мезгилине караганда 10,5 пайызга жогору болду.

“Кумтөр” ишканасын кошпогондо ички дүң продукциянын көлөмү 2013-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы менен 322,9 млрд. сом болуп, 2012-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 5,8 пайызга өскөн. Өнөр жай продукциясынын өсүшү 2013-жылы 34,3 пайызга жогорулаган, же “Кумтөрдү” эсепке албаганда 3,5 пайызга өскөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү