14
Март
Регистрация на общереспубликанское тестирование пройдет с 11 марта по 11 апреля
Жалпы республикалык тестирлөө өлкөдө 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет жана бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөдө калыс, тунук, билим берүү тармагында коррупцияга каршы ири долбоорлордон болуп саналат. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, республиканын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) киргизилген.
Учурда ЖРТ жыйынтыгы менчиктин формасына карабай жогорку окуу жайына окутуунун баардык түрүнө кирүү үчүн милдеттүү. Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 400,0 миң абитуриент катышкан.
Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу республиканын мектептеринде 2014-жылдын 11-мартынан 11-апрелине чейин жүргүзүлөт. Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү райондук билим берүү бөлүмдөрүндө каттоодон өтө алышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү