10

Апрель

2014

Бишкек шаарында, Ош, Ысык-Көл облустарында коомдук-саясий абал тынч

Жалпысынан өлкөдө абал тынч, баардык ишканалар кадимки тартипте иштеп жатышат. Бишкек шаары боюнча: 12:30га карата Бишкек шаарындагы М.Горький атындагы гүлбагында митинг уланууда. Митингге катышкандардын саны 1000 адамга чукул. Шаардын тургундарынын кайрылуулары менен калаанын ар кайсы бөлүктөрүндө ишканалардын, уюмдардын ишине, окуу жайлардагы окутуу процессине жолтоо болуп жүргөн айрым жарандар кармалган. 500 адам кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда алардын саны 150-200 адам. Алардын өздүгү аныкталууда. Бул жарандарга түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Кармалгандар жакын убакытта кайра бошотулат. Ош облусу боюнча: Оппозиция тарап митинг өткөрүп жаткан Ош шаарында да абал тынч. Борборго 100дөн ашпаган адам чогулду. Алар тынч ниетте. Камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун туугандары Ошко келишкен жок. Алай районунда да Келдибековду колдогон акция өткөн жок. Ысык-Көл облусу боюнча: Ысык-Көл облусунда да абал туруктуу. Коомдук тартипке тиешелүү органдар менен бирге ыктыярчылар да көзөмөлдүк кылууда. Облустук администрациянын алдында топтошкон адамдар көрүнбөйт. Жети-Өгүз районунан келишкен бир нече адамдар менен укук коргоо кызматкерлери сүйлөшүүдө. Саат 10:00го карата Түп районунан 150 адам Каракол шаарын көздөй багыт алды деген маалымат таркаган. Каракол шаарында мындай маалыматты тастыкташкан жок. Жети-Өгүз районунда митинг өткөн жок. Аталган райондон Караколго медициналык беткап кийген 20-25 киши келгендиги маалым болду. Алар түшүндүрүү иштеринен кийин кайра кайтып кетишти. Учурда кармалган адам жок.   КР Өкмөтүнүн аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү