10
Апрель
2014
Республика боюнча коомдук-саясий абал туруктуу (13:30га карата маалымат)
Саат 13:30га карата Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын облустарындагы коомдук-саясий абал туруктуу.
Бишкек шаары боюнча:
Бишкектеги М.Горький атындагы гүлбакчада оппозициянын митинги өтүүдө. Коомдук тартип ички иштер кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
2014-жылдын 10-апрелинде саат 8:00 дон 11:00го чейин ички иштер кызматкерлери тарабынан 120 адам Кыргыз республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 384-беренесине ылайык кармалган жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайына жеткирилген.
Бишкек шаардык ИИБи бул жарандардын өздүгүн аныктагандан кийин, саат 12:00дон 13:30га чейинки убакытта кайра кое берген.
Баткен, Ош, Нарын, Чүй, Талас облустарында эч кандай митинг өткөн жок. Абал тынч. Облустардын борборлорунда жана шаарларында коомдук унаалар, соода түйүндөрү кадимки абалында иштеп жатат.
Ош шаарынын борбордук аянтында оппозиция өкүлдөрүнүн митинги өтүүдө. Коомдук тартипке ички иштер кызматкерлери көз салууда. Митингге чогулгандардын саны 400дөй адам.
Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо облустук администрациянын жанында бир нече адамдардын топтолгону байкалган. Алардын саны 25дей адам. Саат 12:40тар чамасында шаардын аксакалдары менен аялдарынан турган бир нече адам бул чогулгандардын кетип калуусун талап кылышты жана облуста, жалпы эле өлкөдө кырдаалды курчутууга аракет кылган митингдерге каршы экендиктерин билдиришти.
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 150 адам топтолуп 2 саатка жакын убакытта митинг өткөрүштү, учурда баары тарап кетти. Шаарда абал тынч, шаардык базар, муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар кадимки абалында иштеп жатат. Жалал-Абад облусу боюнча да абал тынч.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү