29

Апрель

2014

Общий объем средств, одобренных Всемирным Банком, для Кыргызской Республики за последний год составил около 200 миллионов долларов США

Бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Сарож Кумар Джа менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев жолугушууну ачып жатып, 22 жылдык кызматташтык мезгилинде Кыргызстан менен аталган банк ортосунда 1,2 млрд. доллар көлөмдөгү долбоор ишке ашкан.

Быйыл Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан CASA-1000 жана Ош-Баткен-Исфана жолун кайра калыбына келтирүү долбоорлору жактырылды. Бул эки долбоорго 90 млн. доллар каралууда. Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан башка өнөктөштөр менен бирге мамлекеттик башкарууну реформалоо жана жеке сектор программалары ишке ашууда. “Бүткүл дүйнөлүк банк илим банкы катары өзүн көрсөттү. Биз аталган милдеттерди ишке ашырууда сиздердин колдооңуздарга ишенебиз”, - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр маектешине республиканын учурдагы экономикалык абалы тууралуу маалымат берди. “ Ички дүң продукциянын көлөмү 2014-жылдын 1-кварталында 5,6%га өстү, Кумтөрдү эсепке албаганда 4,9%. Борбордук Азия менен Кавказдагы экономиканын жай өнүгүүсүн эске алганда бул жакшы көрсөткүч. Биз өнүгүү темпин мындан ары да сактоого аракет кылабыз”.

Сарож Кумар Джа Премьер-министрди жаңы орду менен куттуктады.Кыргызстан менен Стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү кызматташтыктын мисалы экенин белгиледи. Банк Кыргызстанга мындан ары да өнүгүү жолуна колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Анын пикиринде, акыркы жылы эле Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасына түшкөн каражаттын көлөмү 200 млн. долларга жакын жана бул Өкмөт менен натыйжалуу иштин белгиси.

“Жакын арада Бүткүл дүйнөлүк банк өнүккөн өлкөлөргө кийинки мезгилге каражат бөлүү маселеси чечилет. Биз Кыргызстанга кошумча каражат бөлүү маселесин кароону улантабыз”, - деди Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору.

Сарож Кумар Джа Премьер-министрден саламаттык сактоо тармагына насыя келишимдерин Парламентте ратификациялоону тездетүүнү суранды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү