10

Апрель

2014

Республика боюнча абал туруктуу (саат 16:30)

Саат 16:30га карата Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн аймактарында коомдук-саясий абал тынч. Бишкекте, М.Горький атындагы гүлбагында оппозициянын митинги аяктады. Коомдук тартипке ички иштер органдары көзөмөлдүк кылууда. Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында митингдер аяктаган. Караколдо өтүүгө мерчемделген митинг болгон жок. Ал жерде чогулган бир нече адамдарды шаардын тургундары, аксакалдар менен аялдар шаарда, жалпы эле өлкөдө туруксуздукка алып келген митингдерге каршы экендиктерин билдирип кетирип жиберишти. Баткен, Ош, Нарын, Чүй, Талас облустарында митингдер өткөн жок. Ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү