22

Август

2014

Одобрен проект Закона Кыргызской Республики «О республиканском бюджете на 2015 год и прогнозе на 2016-2017 годы»

Бул тууралуу чечим бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өткөн Өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.

“Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде 2015-жылга карата республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга карата болжолдор тууралуу маселе каралат. Бюджет социалдык багытталган, анда негизги каражат саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык жактан камсыздоого жумшалат. Жалпы ИДП 45% социалдык тармак түзөт, аталган багыттагы чыгымдар жыл сайын өсүп бара жатат. Биз бул багытка көбүрөөк каражат бөлүүдөбүз», — деди Өкмөт башчы.

Андан соң Кыргыз Республикасынын финансы министри Ольга Лаврова 2015-жылдын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, МИП гранттарын эсепке алганда, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2015-жылы 102 302,7 млн сомду, же ИДПга карата 23,1% түзөт. Номиналдык түрдө бюджеттин киреше бөлүгү 2014-жылдын бекитилген бюджетине карата 9,5%, же 8 846,6 млн сомго жогорулайт. Республикалык бюджеттин кирешеси 2016-2017-жылдары тийиштүү түрдө, 110 094,1 млн сомду жана 121 691,2 млн сомду түзөт. 2015-жылы мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 13 212,8 млн сомду, же (ИДПга карата 3,3%) түзөт, 2016-жылы – 13 201,3 млн сомду (ИДП карата 2,6%), ал эми 2017-жылы – 13 558,6 млн сомду (ИДП карата 2,3%) түзөт.

Ошондой эле Ольга Лаврова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2015-жылы – 15 661,1 млн сом, 2016-жылы – 20 115,9 млн сом, 2017-жылы – 19 262,5 млн сом багыттоо пландалууда. 2015-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 14 083,3 млн сомду, же ИДП карата 3,2%ды түзөт.

Жоомарт Оторбаев 2015-жылга карата республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга карата болжол долбоорун талкуулоону жыйынтыктоодо Өкмөт мүчөлөрүн каражаттын чектелүү экендигин эске алуу менен өз чыгымдарын оптималдаштырууга чакырды.

“Финансы министрлиги эмки шейшембиге дейре бюджет жана чыгашалар беренеси боюнча бардык сунуш-пикирлерди эске алат. Ошондуктан Өкмөт мүчөлөрүн бардык талаш маселелерди үч күн ичинде чечүүгө чакырам, анткени оңдолгон бюджет долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт», — деди Өкмөт башчы.

[gallery ids="40304,40305,40306,40307,40308,40309"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү