18

Январь

2014

Основные показатели отечественной банковской системы

Депозиттер. Коммерциялык банктардын депозит базасынын көлөмү 2013-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы менен 67,3 млрд. сом болуп, жыл башынан тарта 32,9 пайызга жогорулаган. Бул жогорулоо депозиттердин көлөмүнүн көбөйүшү менен аныктоого болот, атап айтсак, улуттук (28,1%га,  34,4млрд. сом) жана чет өлкөлүк валютада (38,5 %га, 32,8 млрд. сом эквивалентте).

Жаңы кабыл алынган улуттук валютадагы депозиттердин орто эсептеги  пайыздык бөлүгү 2013-жылдын январь-декабрь айларына карата 2,3 %, 2012-жылдын ушул мезгилине карата өзгөрүүсүз. Ал эми чет өлкөлүк валютада бул көрсөткүч 0,8 %, дагы эле 2012-жылдын ушул мезгилине карата өзгөрүүсүз.

Насыялар. Коммерциялык банктардын декабрь айындагы насыя портфели 54,1 млрд. сом болуп, жыл башынан тарта 34,9%га жогорулаган. Анын ичинен улуттук валютадагы насыялар 25,2 млрд. сом (+35,6 %), чет элдик валютада - 28,9 млрд. сом эквивалентте (+34,2 пайыз).

Жаңы берилген улуттук валютадагы насыялардын орто эсептеги  пайыздык бөлүгү 2013-жылдын январь-декабрь айларына карата 21,3%, 2012-жылга салыштырмалуу 1,7%га төмөндөгөн, чет элдик валютада - 17,7 пайыз  (-1,4 п.б.).

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүгү